Жаңылыктар
С.Жээнбеков Ак-Өлөң айылындагы каналдын курулушуна капсула салды
Саясат
С.Жээнбеков Ак-Өлөң айылындагы каналдын курулушуна капсула салды

Президент Сооронбай Жээнбеков Ысык-Көл дубанына болгон жумушчу сапарынын алкагында бир катар социалдык объектилердин курулуш иштери менен да таанышты. Кыргызстандын ирригациялык тутумун реконструкциялоо долбоорунун алкагында алгачкы суу каналынын курулуш иштери Тоңдун Ак-Өлөң айылында башталып, ага капсула салуу аземине президент Сооронбай Жээнбеков катышты. 

Ошондой эле, өлкө башчы ушул эле долбоордун алкагында салынып жаткан Ысык-Көл районунун Кара-Ой айылындагы убактылуу суу сактоочу жайдын курулушу менен таанышты. 

Иш-сапарынын алкагында өлкө башчысы Балыкчы-Корумду жолунун курулушу, анын Чырпыкты-Тамчы бөлүгундө журүп жаткан жумуштар менен таанышты. Бул тилкени 10-июнга чейин ишке берүү пландалган, аны жергиликтүү тургундар чыдамсыздык менен күтүп жатышканын жыйында билдиришти. Ушуну менен өлкө башчысынын Ысык-Көл дубанына болгон эки күндүк иш сапары соңуна чыкты.