Жаңылыктар
Жети-Өзүз районунун кирпич чыгаруучу заводу кайрадан ишке кирди
Аймак
Жети-Өзүз районунун кирпич чыгаруучу заводу кайрадан ишке кирди

Жети-Өгүз районунда буга чейин төрт ири ишкана иштеп келсе алардын катарын бул завод да толуктады. 

Кирпич чыгаруучу завод союз маалынан бери токтоп турган. Азыркы тапта жеке инвестор өндүрүштү кайра калыбына келтирип, биринчи продукцияларын чыгаруу алдында турат.

Кызыл-Суу айылында мындай ири ишканадан сүт заводу иштейт. Быйыл дагы эки ишкананы ишке киргизүү планы бар.

Быйыл Жети-Өгүз районунда аймактарды өнүктүрүү жылынын алкагында алты жаңы ишкана ачуу долбоорлонуп жаткан. Анын экөө иштеп баштады. Жыл аягына чейин калганын ишке киргизсе эки жуз элүүгө жакын адам жумуш орду менен камсыз болот.