Жаңылыктар
Баш мыйзамдын кабыл алынганына 25 жыл
Кыргызстан жаңылыктары
Баш мыйзамдын кабыл алынганына 25 жыл

Көз карандысыз Кыргызстандын тарыхында Баш мыйзамдын кабыл алынганына 25 жыл болду. 

Мамлекет башчысы конституциялык ченемдерди бекем сактап, өлкөдө саясий туруктуулукту камсыз кылууда Конституциялык палатанын сотторунун жоопкерчилиги жогору экендигин баса белгиледи. Ошону менен бирге жарандардын саясий укуктарын жана эркиндигин, өлкөнүн бүтүндүгүн сактоодо аларга негизги милдеттер жүктөлгөндүгүн белгиледи. Сооронбай Жээнбеков мыйзамдарды бекем сактап, конституциялык принциптерден жана ченемдерден тайбай, адилет чечимдерди кабыл алуунун мааниси тууралуу эскертти. “Биздин өлкөдө мыйзам баарынан бийик, мыйзам алдында баары бирдей болууга тийиш”, - деди Президент Сооронбай Жээнбеков.

1993-жылдын 5-майында Кыргызстандын 350 депутаттан турган “Легендарлуу парламенти” 12-сессиясында Баш мыйзамды кабыл алган. Легендарлуу парламенттин депутаты, ошол кездеги өлкөнүн премьер-министри Турсунбек Чынгышев эгемендүү Кыргызстандын Конституциясын кабыл алууда жигердүү иштегендердин бири.

Конституциянын негизги ролу - Баш мыйзам- аны менен ар бир мамлекет жашайт. Конституция сөзү латын тилинен которгондо "эреже" деген маанини берет.

Конституциябыз-мамлекеттүүлүктүн, бүтүндуктүн символу. Ар бир мамлекет эгемендүүлүккө жеткенден кийин өздөрүнүн мамлекеттик белгилери болуш керек. Анын баары Конституция менен бекилет. Кыргыз Республикасы эгемендүү мамлекет катары өзүнүн туусу, герби, гимни жана улуттук валютасы бар. Мунун баары тең Баш мыйзамдын 6-беренесинде белгиленген.