Жаңылыктар
Юстиция министрлигинин кызматкерлерине кылмыш иши козголду
Кылмыш
Юстиция министрлигинин кызматкерлерине кылмыш иши козголду

Башкы прокуратура Юстиция министрлигинин айрым кызмат адамдарына кылмыш ишин козгоду. Мындай маалыматты Башкы прокуратурадан билдирди. 

Юстиция министрлигинин кызматкерлери мыйзамды бузуп, "жеке нотариустун жардамчысы болуп иштеген" деген жасалма эмгек китепчесин жасап беришип, муну менен бирге юридикалык 3 жылдык эмгек тажрыйбасы жок эле жеке нотариустук кызмат көрсөтүүгө лицензия беришкен деп шектелүүдө. Бул факты боюнча кылмыш иши козголду.