Жаңылыктар
Аскарбек Шадиевдин мүлктөрү камакка алынды
Кыргызстан жаңылыктары
Аскарбек Шадиевдин мүлктөрү камакка алынды

Парламент депутаты, мурдагы Биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиевдин мүлктөрү камакка алынды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин расмий өкүлү Рахат Сулайманов билдирди. 

Мүлктөрдү жана банктык эсептерди камакка алуу тууралуу санкцияны Башкы прокуратура берди. Шадиевге Кылмыш-жаза кодексинин "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча кылмыш иши козголду. 

Буга КМШнын Парламент аралык ассамблеясынын Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыгына 2017-жылы Жогорку Кеңештин эсебинен бөлүнгөн 30 миң доллар уурдалганы себеп болгон. Ага байланыштуу Шадиев өкмөттөгү кызматын тапшырган эле.