Жаңылыктар
Баткенде дайынсыз жоголгон 19 жаштагы жигит табылды
Кыргызстан жаңылыктары
Баткенде дайынсыз жоголгон 19 жаштагы жигит табылды

Баткен районунун Ак-Сай айыл аймагынын Ак-Сай айылынын дайынсыз жоголгон тургуну табылды.

ӨКМдин маалыматы боюнча, 1999-жылы туулган Д.уулу И. 4-майга караган түнү саат 03:00 чамасында үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз жоголгон. Тургунду издөө иштерине №3 издөө-куткаруу отрядынан 25 куткаруучу тартылып, жыйынтыгында ал 5-майда Бектур жайлоосунан табылды. Куткаруучулар аны туугандарына өткөрүп беришти. Д.уулу.И. психикалык жактан жабыркайт, учурда абалы жакшы.