Жаңылыктар
Ошто эреже бузган жөө жүргүнчүлөр 500 сомдон айып пул төлөштү
Кыргызстан жаңылыктары
Ошто эреже бузган жөө жүргүнчүлөр 500 сомдон айып пул төлөштү

Ош облусунда эл аралык маанидеги жолдордо рейд өтүп, эреже бузган жөө жүргүнчүлөргө да айып пул салынды. «Жөө жүргүнчү» аталыштагы рейддер эл аралык маанидеги Бишкек—Ош, Ош—Сары-Таш—Эркеч-Там жана Ош—Исфана унаа жолдорунда, жарандар көп чогулган жайларда, мектеп жана бала бакчалардын имараттарынын жанында уюштурулган. 

Анын алкагында Ош ОИИБдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери жана милициянын аймактык ыйгарым өкүлдөрү биргеликте жарандар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Рейд учурунда жол кыймылынын эрежелерин бузган жөө жүргүнчүлөргө карата КРнын Административдик укук бузуу жөнүндө кодексинин 247-беренесинин негизинде 500 сомдон акчалай айып да салынды.