Жаңылыктар
Сооронбай Жээнбеков 9-майды утурлай Корчубек Акназаровго учурашып келди
Кыргызстан жаңылыктары
Сооронбай Жээнбеков 9-майды утурлай Корчубек Акназаровго учурашып келди

Жеңиш күнүн утурлай Президент Сооронбай Жээнбеков Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери, Социалисттик Эмгектин Баатыры Корчубек Акназаровго учурашып келди.Президент ардагерди келе жаткан Жеңиш күнү менен куттуктап, өлкөнүн өнүгүшүнө өтөгөн көп жылдык кызматы үчүн ага ыраазычылык билдирди. Маектешүү учурунда агрардык сектордун көйгөйлөрү, аймактарды өнүктүрүү, өлкөдөгү азыркы коомдук-саясий кырдаал тууралуу сөз болду. 

Улуу Ата Мекендик Согуштун ардагери, Социалисттик эмгектин баатыры Корчубек Акназаров 1922-жылы Талас районунун Кызыл-Жар айылында туулган. Анын күлгүн курагы согуш жылдарына туура келет. Фронтко ал 1942-жылы, 20 жашында кетет. Корчубек Акназаров 1-Белорусс фронтунда согушкан. Варшавага чейин жетип, Висла дарыясын кечип өтүү учурунда жарадар болгон. 1946-жылы майдандан туулган жерине кайтып келет. 

Республикалык партиялык мектепти бүткөн соң Корчубек Акназаров Чаткал районунда мектепте окуу бөлүмүнүн башчысы болуп иштеп баштаган. Андан соң ал бүт өмүрүн партиялык ишке арнап, 30 жылдан ашуун жетекчилик кызматтарда - Кыргызстан Компартиясынын Ак-Талаа, Жумгал жана Кочкор райондук комитеттеринин биринчи катчысы болуп эмгектенген. 

1960-65-жылдары анын жетекчилиги астында Ак-Талаа району айыл чарба өндүрүшү боюнча республикада алдыңкы орунду ээлеп турган. 1966-жылы мал чарбачылыгын өнүктүрүү, эт, сүт, жумуртка, жүн даярдоо жана өндүрүштөгү жетишкен ийгиликтери үчүн Социалисттик эмгектин баатыры сыйлыгына ээ болгон. Кийин Кыргыз ССРнин Жогорку Советинин бир нече жолку депутаты болуп шайланган. 

9-май Жеңиш күнүн утурлай өлкө башчысы ардагердин абалынан кабар алып, учурашуу үчүн келген. Президент ардагерди келе жаткан Жеңиш күнү менен куттуктап, өлкөгө өтөгөн көп жылдык кызматы үчүн ага ыраазычылык билдирди. Сооронбай Жээнбеков жогорку муундун каармандыгы менен өлкө согуштан кийинки кыйынчылыктарды жеңип, майдандан жеңиш менен кайтып келип, Сиз өлкөбүз үчүн кайратмандык менен эмгектендиңиз» деп баса белгиледи.