Жаңылыктар
Бишкек шаарындагы оңдош үчүн тосулган көчөлөр ачылып баштады
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкек шаарындагы оңдош үчүн тосулган көчөлөр ачылып баштады

Бүгүн, 7-майда Жибек Жолу көчөсүндөгү Манас жана Тоголок Молдо көчөлөрүнүн ортосундагы аралыкта асфальт төшөө иштери аяктап, унаалардын өтүүсүнө уруксат берилди. Жаздын келиши менен баш калаанын бир катар унаа жолдору оңдоо үчүн жабылган. Өткөн жуманын аягында Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Бишкек шаарынын мэрине шаар тургундарынын көйгөйлүү маселелерин ыкчам тартипте чечүүнү тапшырган. 

Жибек-Жолундагы Манас менен Тоголок Молдо көчөлөрүнүн ортосундагы участок пайдаланууга берилди. Күн жылыганы бул аймак оңдоо иштерин жүргүзүү үчүн жабылган. Жалпысынан Бишкек шаарындагы 39 көчөдө оңдоо иштери жүрүп жатат. Анын 28инде капиталдык ремонт жасалса, 11 көчөнүн асфальты алмаштырылууда. Оңдоо маалында ал участоктор жабылып, бул өз кезегинде сааттап жол тыгындарын пайда кылууда. 

Оңдоо иштеринин узакка созулганын адистер жер астынан өтүүчү инженердик коммуникацияларды алмаштыруу иштери менен байланыштырат. Жолдордун оңдолушу менен бирге шаардагы ирригация маселеси да чечилип жатканын мэриядан билдиришти. Ошондой эле калаадагы жашыл аймактар, 3 эс алуу багы оңдолууда. Баш калааны көрктөндүрүү үчүн быйыл 12 миңден ашык көчөттөр отургузулат. 

Азыр анын 4 миңи тигилди. Жаш көчөттөрдү отургузууда мэрия бул ирет бир даанасы 9 миң сомго чейинки көп жылдык бактарды отургузуп баштаган. Шаардыктар арасында кымбатка сатып алынган көчөттүн баасы кызуу талкуу жараткан. Жакында эле алардын айрымдары көктөбөй калганы социалдык тармактарда айтылды. 

4-майда Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев Бишкектин мэрин кабыл алып, калаа тургундарынын көйгөйлүү маселелерин ыкчам тартипте чечүүнү тапшырган. Мындан тышкары, Премьер-министр жол курулушу иштерин эске алуу менен шаарды жашылдандыруу боюнча деталдык планды иштеп чыгуу зарылдыгын белгилеген.