Жаңылыктар
Чолпон-Атага келген чет элдик спортчулар тамак-аштан ууланды
Кырсык
Чолпон-Атага келген чет элдик спортчулар тамак-аштан ууланды

Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарындагы "Аврора" пансионатында чет элдик спортчулар тамак-ашка ууланганын Ысык-Көл ОИИБнин басма сөз кызматынан билдиришти. Спортчулар 7-майга караган түнү ууланган. 

Бүгүнкү күнгө чейин Чолпон-Ата шаардык ооруканасына 18 адам тамак-аштан уулануу белгиси менен кайрылган. Алардын жетөөсү чет элдик спортчу болгон. Спортчулар Бириккен Араб Эмираттары жана Ирандан келген кикбоксчулар экени белгиленди. Тамак-аштарды Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти текшерүүгө алып кеткен. Учурда бул факты Ысык-Көл ОИИБинде катталып, тийиштүү чаралар көрүлүүдө.