Жаңылыктар
Бишкектеги “Каухар” бизнес борборундагы өрт өчүрүлдү
Кырсык
Бишкектеги “Каухар” бизнес борборундагы өрт өчүрүлдү

Орто-Сай базарынын жанында жайгашкан “Каухар” бизнес борборундагы өрт өчүрүлдү. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлагандай, тилсиз жоо түшкү саат 12:30да чектөөгө алынган.

 Алдын ала маалыматка караганда, өрттөн жабыркагандар жана каза болгондор жок. Эске салсак, 8-майда болжол менен саат 11:33төр чамасында Орто-Сай базарындагы “Каухар” медициналык борборунун имаратынан өрт чыккан болчу.