Жаңылыктар
Бишкек шаарынын тургуну Дадав Рамазанов эски унааларды жаңылоодо
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкек шаарынын тургуну Дадав Рамазанов эски унааларды жаңылоодо

Бишкек шаарынын тургуну Дадав Рамазанов эски унааларды жаңылоодо. Ал советтик транспорт каражаттарын бүтүндөй тарых жана өзгөчө түзүм деп эсептейт. Рамазановдун унаа оңдоочу жайынан эски гана машиналарды көрүүгө болот.



Жарым кылым мурда чыгарылган унаалардын учурда жолдо жүргөнүн көрүү мүмкүн эмес. Бир кездеги баа жеткис болгон машинелердин эми тетиктерин табуу кыйынга турат. Дадав Рамазанов аларды калыбына келтирүү менен алек.

Бул ретро-унааларга кызыккандар үчүн баа жеткис транспорт каражаты. ЗИМ ГАЗ-12 Жалал-Абаддан алынып келинген. Өткөн кылымда ал партиялык, өкмөттүк жетекчилердин кызматтык унаасы катары элдин эсинде калды. Бүгүнкү күнгө чейин жакшы сакталды делгени менен, толук жаңыртуу үчүн бир топ иш талап кылынат.

Каарманыбыз жыл сайын эки-үчтөн унаа чогултууда. Кардарлар Рамазановду өздөрү издеп келишет. Кээде унаанын сөлөкөтүн гана беришет. Мындай учурда бүтүндөй темир тулпарды куроо машакаттуу иш.