Жаңылыктар
Бүгүн кургак учукка каршы күрөшүүнүн Бүткүл дүйнөлүк күнү
Ден соолук
Бүгүн  кургак учукка каршы күрөшүүнүн Бүткүл  дүйнөлүк күнү

Бүгүн  кургак учукка каршы күрөшүүнүн Бүткүл  дүйнөлүк күну.  Кыргызстанда  бул  дарт боюнча абал оор бойдон калууда. Жыл  сайын  илдеттин 6миңдей жаңы учуру катталат. Өзгөчө тынчсыздандырганы оорунун туруктуу түрүнүн  таралышы.  Кургак  учуктун  бул формасы  балдар арасында да кездешүүдө.

Бишкектин тургуну Алтынай  эки  жарым  жыл мурда  санитардык китепче керек болуп, флюрографияга барган.  Текшерүүнүн жыйынтыгы анын   кургак учук оорусуна кабылгандыгын аныктаган.   Ал бул ооруну кайдан, кантип жуктуруп алганын өзү да билбейт. Оору убагында билингени үчүн сегиз   айлык дарылануудан өтүп, сакайган.

Алтынай: Эки жарым жыл мурун  ооруп калдым.  Оорунун белгилери  дене табы көтөрүлөт,  салмагын жоготот. Бирок , менде андай болгон жок.  Санкнижка керек  болуп, флюрографияга барсам, кургак учук  чыгып калды. Бирок мен дарыландым 8 айдан кийин жакшы болдум. Азыр сергек  жашоого умтулам, иштейм.

Алтынайга окшоп  байкабастан ооруну жуктуруп алгандар миңдеп саналат.  Адистердин айтуусунда, оору   аба аркылуу  жөтөлгөндө, чүчкүргөндө  жугат.  Ошондой эле  көпчүлүк көңүлгө албаган түкүрүк  да  кургак учуктун  таралышына себепкер  дейт   медицина илимдеринин кандидаты Раиса  Тыныстанова .

Тыныстанова: Түкүрөт анан кургайт, андан кийин  миллиондогон таякча дем алган учурда өпкөгө жетет. Андан киийн канга түшөт да, өпкөнүн бир жерине токтойт же лимфа узелдерде калат. 

Акыркы жылдары  кургак учуктун  дарыга туруктуу түрүнүн  кеңири жайылып жаткандыгына адистер тынчсызданууда.  Бишкек шаардык кургак учукка каршы борборунун дарыгери  Толгонай Аманбаеванын айтуусунда,  илдеттин бул  формасы  дарылануу үзгүлтүккө учураган убакта пайда болот.

Аманбаева: Оорулуу дарыны үзгүлтүккө учуратса, аягына чейин толук ичпесе, көпчүлүгу  өз алдынча дарыланып, дарыны  туура эмес  дозаны  ичкенде болот. 

Кейиштүү  жагдай ,  кургак учуктун туруктуу  түрүнүн   балдар  жана  өспүрүмдөр  арасында катталышы.  Бүгүнкү   күндө  улуттук фтизиатрия борборунда  31 бала  дарыланып жатса, анын алтоо  кургак учуктун  туруктуу түрүнө  кабылгандар.  Аталган  борбордун   балдар бөлүмүнүн башчысы  Айсалкын Тешебаеванын белгилешинче,   оорунун бул формасы  узак мөөнөттөгү  дарыланууну талап кылат. 

Тешебаева: Туруктуу  түрү   балдарда да кезигип жатат. Себеби ошондой формасы жуккан.  Ал ошондой эле биринчи жолу жугуп жатат, ошол  эле туугандарынан жана башкалардан.  Алар  өз алдынча пайда болбойт. 

Жыл сайын өлкөдө кургак учуктун 5 миңден ашык жаңы учуру белгилүү болот.  Оорунун басымдуу бөлүгү Чүй облусунда жана Бишкек шаарында  катталат.  Эпидемиологиялык абалга  миграция себепкер. Акыркы  3 жыл  ичинде  чет жерден келген 2 миңге  жакын жаран  кургак учук менен ооругандыгы белгилүү болгон . 

Кошумчалай кетсек,  бүгүн, 24-март  - кургак учукка каршы күрөшүүнүн Бүткүл дүйнөлүк күнү. Учурда жер жүзүндө 9 миллиондон ашык   адам бул илдет менен жабыркайт. Кыргызстанда болсо  6 миңдей оорулуу катталган .

Г.Усенова, Биринчи радио