Жаңылыктар
С.Жээнбеков издөө кыймылынын өкүлдөрү менен жолугушту
Кыргызстан жаңылыктары
С.Жээнбеков издөө кыймылынын өкүлдөрү менен жолугушту

Улуу Жеңиш күнүнүн алдында Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандагы "Эрдик" коомдук фонду жана "Биздин жеңиш" деп аталган издөө кыймылынын өкүлдөрү менен жолугушту. Өлкө башчысы анда согушта дайынсыз жоголгондорду издөө кыймылдарынын аракети менен көптөгөн жоокерлердин ысымдары аныкталганын, мындан ары мамлекеттик органдар тарабынан издөө кыймылдарына керектүү жардам көрсөтүү жумуштары жөнгө салынаарын билдирди.


Каныбек Мырзаканов жана анын жубайы Гүлнара Мырзаканова түптөгөн “Эрдик” коомдук фонду башында үй бүлөлүк эле долбоор болгон. Атасы согушка кетип дайынсыз болгондуктан, алгач ишти аны издөөдөн баштаган.

Издөө иштерин 2010-жылдан бери жүргүзүп келишет. Башкы максат - Улуу ата мекендик согушта дайынсыз кеткен же каза болгон кыргызстандык жоокерлерди, алардын көмүлгөн жерлерин аныктап, жакындарына жана туугандарына маалымат табууга жардам берүү. 

Фонд Орусиянын коргоо министрлигине караштуу “Мемориал” интернет сайты менен кызматташат. Анда 13 млн 800ден ашык адамдардын маалыматтары камтылган. Ал баракчадан азыркы күнгө чейин 1200гө жакын кыргызстандык жоокерлердин жана алардын көмүлгөн жерлери табылган. Фондго кайрылуу эң жөнөкөй, телефон чалып согушта дайынсыз болгон адам тууралуу кыскача маалымат айтуу гана жетиштүү болот.