Жаңылыктар
Борбор калаада мыйзамсыз салынган соода-сатык жайлары алынууда
Кыргызстан жаңылыктары
Борбор калаада мыйзамсыз салынган соода-сатык жайлары алынууда

Жыл башынан бери борбор калаада шаардын көркүн бузган соода-сатык жайлары тазаланууда. Буга карата Бишкек мэриясынын жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгы иретке келтирүү иш чарасын ордо калаанын негизги көчөлөрүнөн баштап жүргүзүп келет. Эч кандай уруксаты жок жана мыйзамсыз иштеп жаткан базарлар жок кылынып, күркөлөр шаардык айып базасына коюлууда. 


Бишкек шаарына курулган алгачкы имараттардын катарын ордо калаадагы Чыгыш автобекети толуктайт. Бул имарат 1962-жылы курулуп, сталиндик ыкмадагы архитектуралык курулуштун эң сейрек үлгүсү деп айтылып келет.

Кезегинде убактылуу колдонууга берилген аймака чакан соода түйүндөрү жайгашып, 30 га чукул сатуучу соода-сатык кылышчу. Бир аптадан бери соода кылуучу жай толугу менен бузулуп, учурда анын чатырчасы алынууда.

Өткөн жылы чыгыш автобекетинин жанындагы жер алдындагы өтмөк, толугу менен оңдоп түзөөдөн өткөн. Эми бузулган базарда тирилик кылган айрым соодагерлер дал ушул өтмөктүн ичине киргизилип, ишин улантууга мүмкүнчүлүк алышты.