Жаңылыктар
Ноокаттын алыскы айылын өнүктүрүүгө жаштар комитети түзүлдү
Кыргызстан жаңылыктары
Ноокаттын алыскы айылын өнүктүрүүгө жаштар  комитети түзүлдү

Ноокаттын алыскы айылын өнүктүрүүгө айыл жаштарынан турган комитет түзүлдү. Максаты ашар ыкмасы менен айыл муктаждыктарын чечүү, өлкөнүн өнүгүүсүнө аз да болсо салым кошуу. Ал эми мамлекет тарабынан Исанов айыл аймагындагы келечек муундары үчүн 2 социалдык объектинин курулушу жүрүп жатат. 


Ноокаттын Чыңгараев орто мектебинин окуучулары келээрки жаңы окуу жылынан тартып, жаңы мектепте окуй баштайт. Мындан 30 жыл мурун, балдар лагеринде билим алып келген Тескей-Кожокелеңдиктер үчүн алгачкы ирет типтүү мектеп курулууда. 225 окуучуга ылайыкташкан 3 кабаттан турган мектеп республикалык бюжджеттен каржыланган.

Жаңы мектепте окуп калуу бактысын коңшу айылдыктар - Күңгөй-Кожекеликтер да чыдамсыздык менен күтүүдө. 5 миң калк жашаган бул айылга Бүткүл Дүйнөлүк Жаштар Ассамблеясы башталгыч класстар үчүн 60 орундуу заманбап билим уясын түптөп жатат. Өлкөнүн келечек муундарына ар тараптуу мындай колдоо болуп жаткан чакта, элеттиктер да четте калган жок. Ашар ыкмасы менен айылга спорттук аянтча курулду.

Чеч-Дөбөлүктөр минтип ден-соолукту чыңоого көңүл бурууну колго алса, Жар-Коргондук жаштар, Аймактарды өнүктүрүү жылына карата атайын комитет түздү. Айылды өнүктүрүүгө багытталган бул топко элеттеги 18 жаштан 45 жашка чейинки жарандар каттала алат.