Жаңылыктар
Бүгүн - Улуу Жеңиш күнү!
Кыргызстан жаңылыктары
Бүгүн - Улуу Жеңиш күнү!

Бүгүн - Улуу Жеңиш күнү. 1941-1945-жылдар аралыгы эң оор, эң кайгылуу, эң көп жоготууга алып келген учур. Бул согушта совет эли 27 миллион адамынан ажыраган.

9-май - Жеңиш күнү деп жарыяланып, эртең менен саат 6:00дө бул жарлыкты радио аркылуу атактуу диктор Левитан бүт совет элине жарыя кылган. Эң биринчи Жеңиш майрамы 1945-жылы 9-майда күнү болуп көрбөгөндөй майрамдалган. Көчөлөрдө адамдар бирин-бири куттуктап, каректерде сүйүнүчтүн ыйы айланган. 

Кыргызстанда дагы Улуу Жеңиш майрамы белгиленип келет. Улуу Ата Мекендик согушка 365 миң кыргызстандык катышкан, алардын 115 миңи фронттон кайтпай калган. Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин маалыматына караганда, бүгүнкү күндө Кыргызстанда 475 согуш ардагери калды.