Жаңылыктар
Бишкектеги "Өлбөс полк" акциясына президент Сооронбай Жээнбеков катышты
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкектеги "Өлбөс полк" акциясына президент Сооронбай Жээнбеков катышты

Бишкекте салтка айланып бараткан “Өлбөс полк” акциясы өтүүдө. Бул акцияга Президент Сооронбай Жээнбеков дагы катышты. Былтыр бул жүрүшкө 30 миңге жакын адам катышкан. 

Бул акция Кыргызстанда 2014-жылдан бери өткөрүлүп келүүдө. Жылдан-жылга согуштан кайтпай калган жана кийин каза болгон аталардын сүрөтүн кармап, жөө жүрүшкө чыккандардын саны арбып жатат.

Мына ушул “Өлбөс полк” жүрүшүндө мамлекет башчысы Улуу Ата Мекендик согушта дайынсыз жоголгондордун тизмесинде катталган чоң атасы Жээнбек Пирназаровдун сүрөтүн көтөрүп чыкты. 

Анын уулдары Эрмамат Жээнбеков менен Токтомамат Жээнбеков согуштан жарадар болуп кайтып келишкен. Алар көрсөткөн каармандыгы үчүн “Кызыл Жылдыз” орденине жана медалдарга татыктуу болушкан. Согуштан кийин көп жылдар бою партиялык, советтик жана чарбалык кызматтарда жетекчи болуп эмгектенишкен.