Жаңылыктар
Бишкекте ысык суу 21-майдан тартып өчүрүлөт
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкекте ысык суу 21-майдан тартып өчүрүлөт

Бишкекте ысык суу 21-майдан 21-июнга чейин өчүрүлөт. Бул туурасында муниципалитеттин маалымат кызматынан билдиришти. Маалым болгондой, муну ырастаган буйрукка калаа башчысы 8-майда кол койду. 

Ысык суунун өчүрүлүшү кыш мезгилине сапаттуу даярдануу үчүн түтүктөргө оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүүгө байланыштуу. 

Былтыр ысык сууну берүү 22-майдан тарта бир айга убактылуу токтотулган болчу.