Жаңылыктар
Жеңиш аянтында эскерүү митинги болду
Кыргызстан жаңылыктары
Жеңиш аянтында эскерүү митинги болду

Президент Сооронбай Жээнбеков андан соң Жеңиш аянтында эскерүү митингине катышып, ардагерлерди жана жалпы кыргызстандыктарды Жеңиш күнү менен куттуктады. Иш-чарага Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери, ооруктун эмгекчилери, бардык бийлик бутактарынын жетекчилери, Жогорку Кеңештин депутаттары, өкмөт мүчөлөрү жана дипломатиялык корпустун өкүлдөрү катышты. 

Аны менен катар майрамдык салтанатка борбор калаанын миңдеген тургундары күбө болушту. Мамлекет башчысы Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында курман болгондорду эскерип, Түбөлүк отко гүлчамбар койду. 

Өлкө башчысы өз сөзүндө намысты, абийирди, Мекенге болгон сүйүүнү бекем туткан аталарыбыз урпактарга мисал болчу эрдиктин үлгүсүн калтырып кеткенин белгиледи. Аталардын даңктуу жолун улантуу - Мекенди көздүн карегиндей коргоо - биздин бүгүнкү милдетибиз, - деди Сооронбай Жээнбеков.