Жаңылыктар
Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунда унаалардын жүрүүсүнө чектөө киргизилет
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунда унаалардын жүрүүсүнө чектөө киргизилет

Бишкек — Нарын — Торугарт жолунун 130унчу жана 300-чакырымдарында тоо таштарын кулатуу иштери жүрөт. Транспорт жана жолдор министрлигинен билдиришкендей, таш кулатуу иштери 14-18-май күндөрү аткарылат. 

Мындан улам бул тилкеде жол маал-маалы менен эртең мененки тогуздан күндүзгү төрткө чейин жабылат. Унаалар топтолушуна жараша коё берилип турат. Жол кыймылына ИИМ өкүлдөрү көз салат. Министрлик жолго чыккан айдоочуларды жол эрежесин сактоого чакырат.