Жаңылыктар
10-май - улуттук валюта пайдаланууга берилген күн
Экономика
10-май - улуттук валюта пайдаланууга берилген күн

10-май - улуттук валюта пайдаланууга берилген күн. Мындан туура 25 жыл мурда, дал ушул күнү кыргыз сому жүгүртүүгө киргизилген. Чейрек кылымдык тарыхка ээ улуттук акча бирдиги бул аралыкта дайыма жаңылануунун үстүндө болду.


Бүгүнкү күндө сом КМШ жана Борбор Азия мамлекеттеринин арасында туруктуу валюталардын бири. Мааракенин урматына Улуттук банк коллекциялык эки монетаны колдонууга киргизди. 


Мааракелик баалуу тыйындардын бири “Улуттук валютага 25 жыл” деп аталат. Ал жез менен күмүш сымал металлдын кошулмасынан жасалган 5 сом номиналындагы монета. Экинчиси "Улуттук маданий аспаптар" сериясында чыгарылып, күмүшкө комуздун элеси түшүрүлгөн. Кыргыз сому мындан туура 25 жыл мурда, 1993-жылдын 10-майында пайдаланууга берилген.

Кыргызстан эгемендүүлүккө ээ болгондон кийин экономикалык ири реформаларды ишке ашыруу милдети турган. Аны улуттук валютасыз ишке ашыруу мүмкүн эмес болчу.  25 жылдык тарыхында улуттук акчабыз төрт ирет жаңыланды.