Жаңылыктар
Бишкектеги базарларда өрттүн алдын алуу чаралары кандай деңгээлде?
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкектеги базарларда өрттүн алдын алуу чаралары кандай деңгээлде?

Акыркы учурларда өлкө базарларында өрт кырсыктары байма-бай катталууда. Жыл башынан бери эле Ош базары 3 жолу өрттөнсө, Жалал-Абадда да, кечээ жакында Орто-Сай базарындагы "Каухар" кичи базарынын жогорку кабатынан да өрт чыккан. Мунун себеби эмнеде жана бишкектеги базарларда өрттүн алдын алуу чаралары кандай деңгээлде?


Тиешелүү тармактардын ордо калаадагы базарлардын өрткө каршы даярдыгын текшерүү вазийпасы, Орто-Сай базарынан башталды. Сыртынан караган адамга бир эле базар болуп көрүнгөнү менен, ич ара майда соода түйүндөрүнө бөлүнүп, ар биринин өзүнчө кожоюндары бар экен.


Санабар Осмонова базар ачылгандан бери дал ушул жерде соода кылат. Администрациянын койгон талаптарына ылайык, башында эле өрткө каршы жабдыктарын алып келип, жанына коюп алган. Кырсыкты кайдан деп болбойт, кокус кырсык катталса, кичи өрт өчүргүч менен дароо чара көрө алат.


Өрткө каршы жабдыктар, кырсык тууралуу кабардар кылуучу үн чыгаруучу техникалар базардын кийим саткан тараптарында гана эмес, жер-жемиш саткан бөлүктөрүндө да бар. Ар бир үч ай сайын сатуучуларга дагы өрт коопсуздугун алдын алуучу окуулар өткөрүлүп, түшүндүрүү иштери жүрүп турат.