Жаңылыктар
Бишкек жылуулук берүү борбору боюнча депутаттык комиссиянын корутундусу
Саясат
Бишкек жылуулук берүү борбору боюнча депутаттык комиссиянын корутундусу

16-майда Жогорку Кеңеш Бишкек ТЭЦи боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын корутундусун талкуулоону улантат. Бүгүнкү жалпы отурумда эл өкүлдөрү комиссиянын корутундусунда келтирилген сунуштарды укту.

Анын үстүнө парламент маселени ар тараптуу талкуулап, шашпай чечим чыгаруу тыянагына келди. Отурумга депутаттык комиссиянын чыгарган корутундусунда аты-жөнү аталган мурдагы жана азыр кызматта отурган жетекчилер катышты.


Кыштын чилдесинде Бишкек жылуулук берүү борборунда түзүлгөн кырдаалды иликтөө боюнча депутаттык комиссия үч жарым ай иш алып барды. Жалпы отурумга корутундуда аты жөнү көрсөтүлгөн экс-премьер-министрлер Темир Сариев, Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев жана башка жетекчилер чакырылган. 

Комиссиянын корутундусунда Кытайдан насыя алуу боюнча келишимге кол койгон отузга жакын жетекчилердин аты жөнү көрсөтүлгөн жана алардын аракетине укуктук баа берүү сунушталган. Алардын ичинде мурдагы өкмөт башчылар жана министрлер менен мекеме жетекчилери жана энергетиктер бар.

Убактылуу депутаттык комиссиянын төрагасы, эл өкүлү Улан Примов иликтөө маалында эч кандай кысым болбогонун белгиледи. Комиссиянын мүчөлөрү корутундуда Бишкек ТЭЦин модернизациялоого алынган жабдуулардын баалары атайылап көтөрүлгөн деген тыянакка келген. Бирок ошол эле учурда мурдагы премьер-министрлер депутаттык комиссиянын корутундусу менен макул болбогонун билдирди.