Жаңылыктар
Өлкө аймагында туруксуз аба ырайы күтүлөт
Өзгөчө кырдаал
Өлкө аймагында туруксуз аба ырайы күтүлөт

Өлкө аймагында 12-майдан 16-майга чейин туруксуз аба ырайы сакталат. Мезгил-мезгили менен жамгыр жаап, тоолуу аймактарда кар түшүшү ыктымал. 13-15-май күндөрү Чүй, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Ысык-Көл ойдуңунун чыгышында жаан-чачын катуу жаайт. 

12-майда күндүзү жана 13-14-майда Чүй, Талас, Нарын, Ысык-Көл облустарында батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 17-22 метрге жетиши мүмкүн. 13-15-майда абанын күндүзгү температурасы абдан төмөндөйт.