Жаңылыктар
С.Жээнбеков Жогорку евразиялык экономикалык кеңештин жыйынына катышат
Саясат
С.Жээнбеков Жогорку евразиялык экономикалык кеңештин жыйынына катышат

Дегеле Кыргызстан экономикалык алаканы жандатуу жолдунда. Президент Сооронбай Жээнбеков мына ушул экономикалык байланыштын негизги боло турган Жогорку евразиялык экономикалык кеңештин жыйынына катышат. Бул иш-чара Сочи шаарында өтөт. 

Анда уюмдун алкагындагы соода-экономикалык алаканын, эл аралык кызматташтыктын актуалдуу маселелери талкууланат. 14-майга белгиленген сапардын жүрүшүндө мамлекет башчысы Россия Президенти Владимир Путин менен эки тараптуу жолугушуу өткөрөөрү күтүлүүдө. 

Кыргызстан ЕАЭБге эки жарым жыл мурда толук кандуу мүчө болгон. Жыйында өлкөнүн эки жылдык мүчөлүгүндөгү жыйынтыктар тууралуу баяндама жасалат. Адистер уюмдун алкагындагы алакага оң баа беришет.