Жаңылыктар
Аткезчилик схема аркылуу өлкөгө кирген 120 унаа кармалды
Кыргызстан жаңылыктары
Аткезчилик схема аркылуу өлкөгө кирген 120 унаа кармалды

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш кызматы мамлекетке зыян алып келген дагы бир коррупциялык схеманын бетин ачты. Айрым адамдар кымбат үлгүдөгү автоунааларды чет өлкөдөн Кыргызстанга алып келүүдө керектүү бажы төлөмдөрүн төлөнбөгөнү аныкталган. Шылуундар мыйзамды буйтап өткөн схеманы мамлекеттик органдын кызматкерлери менен бирге ишке ашырганы билинип отурат. 

Тергөөнүн алкагында бул унаадан бюджетке келтирилген зыян, 1 миллион 583 миң сомдон ашуун каражат өндүрүлгөн. Жалпысынан бир жарым жыл аралыгында аткезчилик схема аркылуу өлкөгө кирген 120 унаа кармалган. 

Алардын 25 жүк ташуучу, дагы 25 кымбат баалуу жол тандабас унаалар. Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш кызматы чек арадан өткөн ар бир кымбат унаадан мамлекет ондогон миң доллар же болбосо 2 миллион сомго чейин зыян тартканын аныктаган.

Коррупциялык схеманын түзүлүшү жөнөкөй. Сатылып алынган унаалар жасалма документтердин жардамы менен өлкө сыртына чыгып кайра кайтып келаткан түр көрсөтүп, бажы төлөмүн төлөбөй өтүп турган. 

Мисалы алгач унаа АКШ же Чыгыш Европадан сатылып алынат. Андан соң, ал жактагы адам Кыргызстандагы шеригине автоунаа тууралуу маалыматтарды: кымбат унаанын маркасын, кузов номурун, түсү, чыккан жылы жана кыймылдаткычынын көлөмү тууралуу так маалыматтарды жөнөтүп турган. Анын негизинде жасалма документ камдалып, океандын ары жагына жөнөтүлгөн. Ошол документтин негизинде ЕАЭБ өлкөлөрүндө жүргөн унааны чет өлкөдөгү каттоосунан чыгаруу боюнча өтүнүч келтирген. Андан кийин Мамлекеттик каттоо кызматындагы "өз кишилери" Кыргызстанга келе элек машинага номур менен техпаспорт жасап берген. Документи жайында болгондон кийин унаа чет өлкөдөн Кыргызстанга эч тоскоолдуксуз келип жүргөн.

Бул схема боюнча кылмыш иши козголуп Мамлекеттик каттоо кызматынын тиешелүү делген кызматкерлеринин иши сотко өттү. Ал эми биринчи жолу кармалган адамдар өз эрки менен келтирилген зыянды, айып пулду төлөп берсе, алар кылмыш жоопкерчилигине тартылбайт.