Жаңылыктар
Жыл аягына чейин 50 ашык көчө оңдолуп-түзөлүшү пландалууда
Кыргызстан жаңылыктары
Жыл аягына чейин 50 ашык көчө оңдолуп-түзөлүшү пландалууда

Бишкек шаарында ушул тапта 40 көчө оңдоп-түзөө үчүн жабылды. Ал арада 4 көчө оңдолуп бүтүп кайрадан колдонууга берилди. Жыл аягына чейин жалпы узундугу 105 чакырымды түзгөн 50 ашык көчө оңдолуп-түзөлүшү керек.

Бир эле мезгилде бир нече көчөлөрдүн жабылып оңдолуп жатканы, шаардыктарды бир аз бушайманга салууда. Андан да баардык жабылган жерлерде жумуш жайында эмес, бир жерде иш жүрүп жатса, экинчи жерде толук эмес.

Ал эми мэриянын билдиргенине караганда, кайсы жолду качан жабыш керек жана кайсы убакта бүтүп колдонууга берилет, алдын ала ырасталып тизме түзүлгөн. Анын үстүнө быйыл канча жылдан бери чогулган маселелерди чечкенге мүмкүнчүлүк болуп жатат.

Анын үстүнө быйыл Бишкектин жолдору алгачкы жолу жаңы технологиянын негизинде асфальтталууда. Андыктан төшөлүүчү жаңы асфальттын компоненттери бир аз башкача болгондуктан жолду оңдоо иштерин анча-мынча создуктурат.