Жаңылыктар
Айрым аймактарда жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо аяктады
Аймак
Айрым аймактарда жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо аяктады

13-майда Кыргызстандын айрымаймактарында жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо аяктады. Саат 20:00 добуш берүү тилкелери жабылды. 

Шайлоо Жалал-Абад облусунун Көк-Арт айылында, Ат-Башы районундагы Казыбек, Кара-Суу районундагы Төлөйкөн, Сокулук районуна караштуу Сокулук жана Аксы районунун Кара-Жыгач айылдарында, мындан тышкары Токтогул шаарында өттү. 

Белгилей кетсек Аксы районундагы Кара-Жыгач айылы менен Сокулук районундагы Сокулук айылында шайлоо мөөнөтүнөн мурда өттү. Анткени буга чейин бир пикирге келе албай, айыл өкмөт башчысын шайлай албагына байланыштуу жергиликтүү кеңеш таркатылган болчу. 

Бул эки айылда дагы депутаттар шайланды. Жалпысынан аты аталган аймактарда добуш бере турган 45 миң 447 шайлоочу катталган. Жалпы жыйынтык кандай болгонун дүйшөмбү күнү БШК кабарлайт.