Жаңылыктар
Боом капчыгайы кыска убакытка жабылат
Аймак
Боом капчыгайы кыска убакытка жабылат

14-майдан 18-майга чейин Боом капчыгайындагы унаа жолу кыска убакытка жабылып турат. 

Бул тууралуу Транспорт жана жолдор министрлигинен кабарлады. Мекеме билдиргендей, Бишкек — Нарын — Торугарт трассасынын 130чу жана 300-чакырымдарынын аралыгында эртең мененки саат 09.00 - 16.00гө чейин тоонун боорунан таштарды кулатуу иштери жүргүзүлөт. 

Бул күндөрү унаалар улам топтолуп, маал-маалы менен өткөрүлүп турат. Министрлик жолго чыккан айдоочуларды сак болуп, жол эрежесин сактоого чакырат.