Жаңылыктар
Балбан Алинур Такиров Азия чемпионатында күмүш медаль тагынды
Спорт
Балбан Алинур Такиров Азия чемпионатында күмүш медаль тагынды

Балбан Алинур Такиров Ташкентте өтүп жаткан күрөш боюнча уландар жана кыздар арасындагы Азия чемпионатында күмүш медаль тагынды. 

Мекендешибиз 12-майда эркин күрөштөн 71 килограммга чейинки салмакта үч беттеш өткөрдү. Чейрек финалда индиялык Кумар Анкитти 2:0, ал эми жарым финалда казакстандык Исламбек Илязовду 9:0 эсебинде жеңип алды. Алтын байге үчүн таймашта ирандык Мохаммад Ашгар Ноходиларимиге жеңилип, күмүш медалга ээ болду. 

Кадеттер арасындагы Азия чемпионаты 13-майда эркин күрөш боюнча таймаштар менен жыйынтыкталат. Ал күнү жети салмак боюнча балбандар байге талашат. Азия чемпионатында грек-рим күрөшү боюнча мелдеште Акыйкат Кулжигит уулу менен Бакдаулет Эгембердиев күмүш медаль, ал эми Элмирбек Садыров коло медалга ээ болду.