Жаңылыктар
Бишкекте Европа киносунун фестивалы өтөт
Маданият
Бишкекте Европа киносунун фестивалы өтөт

Бишкекте Европа киносунун фестивалы өтөт. Иш-чара 16-майда башталып 20-майга чейин уланат. Фестивалдын алкагында "Ала-Тоо" кинотеатрында 13 фильм көрсөтүлөт. Тасма Европа биримдигине мүчө мамлекеттердин тилинде тартууланып, ал орусча субтитрлер менен коштолот. Фестиваль "Кольцо Намейса" аттуу тасма менен саат 18.00дө башталат.