Жаңылыктар
Лейлек районунда нөшөрлүү жаандын кесепетинен бир нече айылды сел каптады
Өзгөчө кырдаал
Лейлек районунда нөшөрлүү жаандын кесепетинен бир нече айылды сел каптады

13-майда Лейлек районунда нөшөрлүү жаандын кесепетинен бир нече айылды сел каптады. Табият кырсыгынын сүрөттөрү жана видеолору соцтармактарга жарыяланууда. Жергиликтүү тургундардын айтымында, сел жаңы курулган көпүрөлөрдү агызып жана Исфана шаарын, Чимген, Самат, Беш-Бала айылдарын каптап кетти. 

Нөшөрлүү жамгыр мөндүр жаагандан кийин саат 16:45 чамасында башталган. Сел Кулунду айыл аймагындагы Интернационал айылын дагы каптады. ӨКМдин маалыматында, сел Кара-Кемер, Ак-Суу айылдарында курулган тосмолорду агызып кетти. Ошондой эле райондун Бешкент айыл өкмөтүнүн Эски-Олчу айылында селден улам 6 үйдү суу басып, 27 чарбакка шагыл толуп калды. 

Жергиликтүү тургундардын айтымында, 33 сайдан сел түшүп, ички жолдор бекилип калган. Селдин суусуна 3 бодо мал аккан. Айыл өкмөттүн Шоро-Сай айылындагы 7 арыкты, Кайрагач айылындагы Максат - Булак-Башы жолун сел жууп кетти.