Жаңылыктар
Ысык-Көлдө эки миңден ашык адамдын катышуусунда эл аралык марафон өттү
Спорт
Ысык-Көлдө эки миңден ашык адамдын катышуусунда эл аралык марафон өттү

Ысык-Көлдүн жээгинде 7-жолку "Run the silk road" эл аралык марафону өттү. Саамалык 1980-жылы Москвада өткөн олимпиада оюндарынын коло байгесинин ээси Сатымкул Жуманазаровдун жаркын элесине арналды. 

Спорттук иш-чарага эки миңден ашык күлүк катышты. Алардын катарында чет элдик спортчулар жана чуркоонун сүйүүчүлөрү да бар. 

Ошондой эле ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендер дагы жарышта өз күчүн сынады. 

Уюштуруучулардын айтымында, Кыргызстанда чуркоого жана сергек жашоого умтулгандардын саны жыл санап өсүүдө.