Жаңылыктар
Президент С. Жээнбеков Сочи шаарына учуп кетти
Саясат
Президент С. Жээнбеков Сочи шаарына учуп кетти

Президент Сооронбай Жээнбеков Жогорку Евразиялык экономикалык кеңешинин жыйынына катышуу үчүн Россиянын Сочи шаарына учуп кетти. Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынында биримдиктин алкагында соода-экономикалык өз ара аракеттенишүүнүн актуалдуу маселелери, ошондой эле эл аралык кызматташуу жана Евразиялык мейкиндикте мындан ары интеграциялоо маселелери талкууланат. 

Жыйында Евразиялык экономикалык комиссия “Кыргыз Республикасы: Евразиялык экономикалык биримдиктеги эки жыл. Алгачкы жыйынтыктар” аттуу докладды сунуштамакчы. Ошондой эле Сооронбай Жээнбековдун Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин менен эки тараптуу жолугушуусу болжолдонууда. 

Жолугушууда соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташуунун бардык алкактары, евразиялык мейкиндикте кызматташууну алдыга жылдыруу маселелери талкууланат. Мындан тышкары Президент Сооронбай Жээнбеков Армения Республикасынын Премьер-министри Никол Пашинян менен жолугушат.