Жаңылыктар
Лейлек районунда катуу сел жүрдү
Кырсык
Лейлек районунда катуу сел жүрдү

13-майда катуу жааган жамгырдан улам Лейлек районунун айыл аймактарында сел жүрүп, 2 турак- жайды жараксыз кылды. 12 үйгө, 5 социалдык имаратка, 22 короого суу кирген. Мындан сырткары 2 даана электр мамычасын, 30га жакын бодо малды, 7 жеңил унааны агызып кеткен. 19 гектар үлүш жерди суу баскан. Учурда селдин кесепетин жоюу иштери жүрүп, кетирилген чыгымдар эсептелүүдө. Эки күн тынымсыз жааган жамгырдан улам сел жүрүп, Лейлек районун бир топ оор абалга учуратты. 

Ылай аралаш келген суу, жолуна эмне чыкса баарын тазалап, чукул кырдаал жаратты. Селдин кесепетинен райондун 9 айылы жана Исфана шаары олуттуу жабыркады. Алдын ала эсеп боюнча 5 социалдык объект, жеке кожолуктан 15 турак жайга суу кирип, 22 короо, 19 гектар үлүш жер, 16 чакырым ички жолдор кум шагылга толгон. Бул учурда адам өмүрүнө зыян келтирилген эмес. Учурда ӨКМдин кызматкерлери аймакта сел сууларын тазалоо менен алек. 

Сел райондогу 2 даана электр мамычасын уратып, мал жандыкка да зыян келтирди. Ошондой эле 7 жеңил унааны да агызган. Катуу кирген суу 565 метрге созулган сел тосмолорун да жууп кеткен. Тынымсыз тазалоо иштеринин арты менен убактылуу жабылган Исфана-Кулунду-Арка жолунда каттам кайрадан жанданды. 

Чимген жана Ак-суу айылдарына электр энергиясын берүү аракети уланууда. Лейлек району боюнча сел кесепеттерин жоюу үчүн 100дөн ашуу техника, 100 куткаруучу, жарандык коргонуу кызматынан 400 өкүл жеринде иш алып барууда. Кетирилген чыгымдарды атайын комиссия эсептөөдө.