Жаңылыктар
М.Абылгазиев Лейлек районундагы сел кесепеттерин жоюу маселеси боюнча кеңешме өткөрдү
Кыргызстан жаңылыктары
М.Абылгазиев Лейлек районундагы сел кесепеттерин жоюу маселеси боюнча кеңешме өткөрдү

Туруксуз аба ырайынан улам жааралган жаратылыш кырсыктарына байланыштуу Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев калыбына келтирүү иштерин ыкчамдатып, алдыг алуу чараларын бекемдөөнү тапшырды. Өкмөт башчы Лейлектеги селдин кесепеттерин жоюу боюнча кеңешме өткөрдү.  Ал арада Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тиешелүү чараларды көруп жатат . Өлкө аймагында жаан чачын дагы 17-майга болору болжонуп жатат. 

Эки күндөн бери өлкө боюнча маал маалы менен катуу жааган жамгырдан кесепетинин Лейлек районунун бир нече айылын сел каптап, аймакка өзгөчө кырдаал тартиби киргизилди. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев тийиштүү мамлекеттик мекемелердин жетекчилери менен Баткендин Лейлек районундагы сел кесепеттерин жоюу маселеси боюнча кеңешме өткөрүп, кыска мөөнөттө кооптуу аймактарга мониторинг жүргүзүп, дарыя, суулардын жээктерин бекемдөө тапшырмасын берди. Ушундай эле өзгөчө кырдаал тартиби Аксы районуна киргизилди. 

Катуу шамал жана нөшөрлүү жамгыр Кызыл-Туу, Кара-Суу жана Авлетим айылдарынын жолдорун жууп, үйлөрдүн чатырларын талкалап, турак жайларды суу каптаган. Учурда зыяндын көлөмүн аныктоо боюнча иштер жүрүүдө. Жамгырдын кесепетинен Өзгөн районунун Мырзаке айыл аймагындагы Жазы дарыясынан суу ташып, 20 үйдүн короосун каптаган. Дарыянын жээгиндеги үйлөр дагы жабыркаган. 

Жеринде ӨКМдин 3 бригадасы жана Жарандык коргонуу кызматынын комиссиясы иштеп жатат. Селдин кесепеттерин жоюу жана тазалоо иштерине 4 атайын техника тартылган. Нөшөрлүү жаандан Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Кашка-Жол айыл аймагында дагы сел жүрүп, 12 үйдүн короосун суу каптады. Октябрь айылынын Терек-Суу тилкесиндеги Ак-Турпак каналынан суу ташып, турак жайлардын короолоруна, үйлөргө чейин кирген. Мында да ӨКМдин кызматкерлери менен Жарандык коргонуу комиссиясы иш алып барууда. 

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги туруксуз аба ырайы тууралуу шашылыш билдирүү таратып, жеринде жаратылыш кырсыктарынын алдын алуу, кесепеттерин жоюу жана дарыя жээктерин бекемдөө иштерин жүргүзүүдө. Ошол эле учурда сел алган электр мамыларын, жолдорду калыбына келтирүү жумуштары да колго алынган.