Жаңылыктар
Кыргызстанда алты жергиликтүү кеңеште шайлоо өттү
Шайлоо 2023
Кыргызстанда алты жергиликтүү кеңеште шайлоо өттү

Көзү начар көргөндөр үчүн тамганы чоңойтуп көрсөткөн көз айнектер, арабада отургандар үчүн пандустар, атайын автоунаалар жана баскычтар. Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо тилкелеринде мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын добуш берүүсүнө шарт түзүп берүү максатында ушул нерселерди камсыздаган. 

Надежда Себякина шайлоого калтырбай барат. Ал кезектеги шайлоодо мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн түзүлгөн шарттарга абдан ыраазы болду. Шайлоо тилкесине атайын автоунаа менен келди. Бул жолу имаратка кирүү да тоскоолдук жараткан жок. Ушундай эле шарттар аймактарда да түзүлдү. Рамазан Токтогул шаардык кеңешин шайлоого биринчи жолу катышып жатат. 

Шайлоо тилкесинде шарттар жаратылганын угуп, үйдөн эмес бул жакка келип добуш берүүнү туура көргөн. БШКнын өкүлдөрүнүн айтымында, мүмкүнчүлүгүнө карабай ар бир жарандын укугу бирдей корголушу керек. Ошондуктан, ар бир шайлоо тилкесине пандустар орнотулду. Андан сырткары, мурдагы шайлоолордо көрүүсү начарлар бюллетендерди окуй албайбыз деп нараазы болушкан. 

Бул маселе да чечилген. Алар үчүн күнтарткылар коюлган. Ал эми көзү такыр көрбөгөндөр брайл тамгалары менен жазылган бюллетендер менен добуш беришти. Ал эми шайлоо тилкесине келүүгө такыр мүмкүнчүлүгү жоктор үчүн мөөнөтүнө чейин добуш берүү уюштурулган.