Жаңылыктар
Сооронбай Жээнбеков Сочи шаарында Владимир Путин менен жолугушту
Саясат
Сооронбай Жээнбеков Сочи шаарында Владимир Путин менен жолугушту

Экономикалык интеграцияны тереңдетүү, жалпы рынок товарларын либералдаштыруу, кызмат көсөтүү- бул Жогорку Евразиялык экономикалык кеңешинин жыйынынын негизги темасы болду. Сочиде, 14-май күнү ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин Президенттери   жыйынга чогулуп, биримдиктин ишмердүүлүгүн кеңейтүүгө басым жасашты. 

Жыйын алкагында Президент Сооронбай Жээнбеков Россия Президенти Владимир Путин, Армения Республикасынын Премьер-министри Никол Пашинян менен жолугушту.   

Кененирээк маалыматты төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.

Гүлбүбү Үсөнова, "Биринчи радио"