Жаңылыктар
Фоторепортаж - Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынынын жыйынтыгы боюнча
Кыргызстан жаңылыктары
Фоторепортаж - Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынынын жыйынтыгы боюнча

Кыргыз Республикасынын Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 14-майда  Россия Федерациясынын  Сочи шаарында Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынына катышты.


Сочи шаарына  иш сапарынын алкагында Президент Сооронбай Жээнбеков Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин   менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө   эки Мамлекет башчылары кыргыз-россиялык  соода-экономикалык, инвестициялык жана отун-энергетикалык тармактарындагы кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашты.


Андан тышкары Сооронбай Жээнбеков Армения Республикасынын Премьер-министри Никол Пашинян менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулады.


Президент Сооронбай Жээнбеков Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин тар  жана кеңири курамдагы жыйынына катышты. Жыйында  Бирликтин алкагында  соода-экономикалык өз ара кызматташуу, ошондой эле эл аралык кызматташуу жана Евразиялык мейкиндикте мындан ары интеграциялоо  маселелери талкууланды.


Жыйынга Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин, Беларусь Республикасынын Президенти Александр Лукашенко, Казакстан Республикасынын Президенти Нурсултан Назарбаев, Армениянын Премьер-министри Никол Пашинян катышып, билдирүү жасашты. Молдова Республикасы ЕАЭБдин байкоочу-өлкөсү  деген статус алды.


Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынынын жыйынтыгы менен бир катар документтерге кол коюлду. Жыйын аяктагандан кийин катышуучулар биргелешип  бир аз сейилдешти. Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин кийинки жыйыны 2018-жылдын ноябрь айында Россиянын Санкт-Петербург шаарында өткөрүлөт.