Жаңылыктар
Үңкүр-Тоо өзбек тарапка берилбейт
Кыргызстан жаңылыктары
Үңкүр-Тоо өзбек тарапка берилбейт

Аксыдагы Үңкүр-Тоо өзбек тарапка берилбейт. Өкмөттүн чек ара маселелери боюнча өкүлү Курбанбай Искандаров ырастагандай, болгону ал жердеги станцияны күчтөө маселеси гана көтөрүлүп жатат.

Эске салсак, кечээ 2015-жылдын 27-октябрында өткөн өкмөттүн жыйынынын протоколу деген документтин сүрөтү интернетке тараган болчу. Анын негизинде айрым жарандардын "кыргыз өкмөтү Үңкүр-Тоону өзбек тарапка берүүгө даяр" өңдүү пикирлери талкууга жем таштаган.

Бирок, өкмөт бул документти тастыктаган жок. Маалым болгондой, кыргыз-өзбек чек арасында талаштуу деген 58 аймак бар. Өкмөттүн маалыматына караганда, Үңкүр-Тоо да ошолордун катарына кирет.