Жаңылыктар
Сарууда өспүрүмдөр арасында грек-рим күрөшү боюнча республикалык турнир болуп өттү
Спорт
Сарууда өспүрүмдөр арасында грек-рим күрөшү боюнча республикалык турнир болуп өттү

POST1RIGHTЫсык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Саруу айылында өспүрүмдөр арасында грек-рим күрөшү боюнча республикалык турнир болуп өттү. 

Спорттук таймаш Саруу айылынан чыккан эл аралык даражадагы спорт чебери, көзү өтүп кеткен Баатырбек Жаанбаевдин жаркын элесине арналган. 

Мелдешке өлкөнүн жети дубанынан жалпы 500гө чукул жаш спортчулар катышып күч сынашты. Эки күнгө созулган иш-чараны айыл эли демилге кылып өткөрүп, алыстан келгендерди тосуп алуу жана жайгаштыруу иштери колго алынган. 

Ал эми мелдештин жыйынтыгында жеңүүчүлөргө грамота, медаль жана баалуу сыйлыктар ыйгарылды.