Жаңылыктар
Лейлекте катуу жаандан кийин район боюнча созулган сел тосмолору жараксыз абалга калды
Өзгөчө кырдаал
Лейлекте катуу жаандан кийин район боюнча созулган сел тосмолору жараксыз абалга калды

Лейлек районунда 13-май күнү катуу жааган жамгырдан улам район боюнча 565 метрге созулган сел тосмолору жараксыз абалга келди. Катуу селге тосмолор туруштук бере албай, калктуу конушка кирип, тургундардын короо жайларын, а түгүл үйлөрүн да каптап, эгин талааларын кошо жабыркаткан. Бүгүн Лейлектиктердин абалы менен жеринен Өзгөчө кырдаалдар министри жана эл өкүлдөрү кабар алды.


Ак-Суу айыл аймагындагы тажикстан менен чектешкен Жар-Кыштак айылындагы 1970-жылы курулган сел тосмонун 106 метрин сел агызып кетти. Мындан улам жээк боюндагы 10гектардай элдин үлүш жерлери кум шагылга толуп калды. Жергиликтүүлөр бул аянттарга шалы эгип, дыйканчылыгын баштаган болчу.

Ал эми Чимген айылында буга чейин сел тосмолору жоктугунан 2011-жылы катуу жааган жамгырдан кийин 106 үй жарактан чыккан. Мындан улам элди сел куркунучунан сактоо үчүн 130 метрлик дамба курулуп, 2014-жылы пайдаланууга берилген. Бирок, бул дамба беш жыл аралыгында эле катуу селге туруштук бере албагандыктан, бүгүнкү күндө сайдын жээгиндеги турак жайларды кайрадан сел каптап отурат.

Кайталанып келчү селден коркуп жашаган үй-бүлөлөр коопсуз жайдан жер тилкелери берилсе экен дешет. Кулунду айыл аймагында да буга чейин сел жүрүп элдин турак жайларын агызып, ички чарбалык жолдору жарактан чыгарып келген.