Жаңылыктар
Өзгөндөгү суу каптоого аймактагы арык, каналдардын тазаланбаганы себеп болгон
Өзгөчө кырдаал
Өзгөндөгү суу каптоого аймактагы арык, каналдардын тазаланбаганы себеп болгон

Мырзакедеги суу каптоого аймактагы арык, каналдардын жаз алды менен тазаланбаганы себеп болгон. Өз нугуна түшө албаган суу ташкыны турак үйлөргө жайылган. Бул туурасында жергиликтүү эл КТРКга билдирди.


14-майдагы селдин арты менен, аймактардагы бир катар көйгөйлөр калкып чыкты. Сугат суу тартылып келчү бул арыктын “арык” деген аты эле калган. Каналдагы жылдар бою топтолгон топон, кечээки сел менен агып келип, көпүрөнүн оозун бөгөп калган. Нугун табал албай калган суу ташкынынын деңгээли 2 жарым, 3 метрге чейин көтөрүлгөн.

Суунун шары, жол четиндеги Сулаймановдордун короосун каптаган. Үйдүн тосмолору кыйрап, чарбагы талкаланган. Кеминде 100 миң сомдук чыгым тарттым дейт. Ылайга баткан чарбагына кошуп кулайын деп турган короо-сарайын кантип калыбына келтирүүнүн айласын таппай турат.

Бул сындуу табигаттын кырсыктары камсыздандыруунун маанилүүлүгүн жарандарга дагы бир ирет эскертти. Сел каптаган 92 турак үйдүн ичинен 11 үй камсыздандырылган болсо, катуу жабыркаган 10 үйдүн бири да камсыздандырылбаган болуп чыкты.