Жаңылыктар
ЕАЭБ: кызматташтыктын жаңы багыттары
Экономика
ЕАЭБ: кызматташтыктын жаңы багыттары

Туруктуу экономикалык өнүгүү, үчүнчү өлкөлөр менен өз ара тыгыз кызматташтык жана соода, кызмат көрсөтүүдө алаканы бекемдөө - Евразия экономикалык биримдигине мүчө өлкөлөрүнүн алдына коюлган негизги тапшырмалардан болду.

Биримдиктин Сочиде өткөн жыйынында буга багытталган бир катар документтерге кол коюлду. Өз кезегинде Президент Сооронбай Жээнбеков уюмдун алдында турган маселелерди ыкчам чечип, аймактар аралык долбоорлорду ишке ашырууга басым жасоо сунушун киргизди. 


Мамлекет башчыларынын эки тараптуу жолугушуулары, тар жана кеңири курамдагы жыйындар, андагы талкуулардын жыйынтыгы менен мындан аркы иш багыттарды аныктап, документтерге кол коюу. Мунун баары Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин жыйынынын негизги талаптары.

Биримдиктин алдында турган артыкчылыктуу маселелер кеңири курамда талкууланат. Президент Сооронбай Жээнбеков өз баяндамасында Кыргызстандын ЕАЭБдеги эки жылы, анын алгачкы жыйынтыктарына токтолуп, оң натыйжалардын бири - эмгек базарынын либералдашуусу жана мигранттардын абалынын жакшырганын белгиледи. Бирок, жасала турчу жумуштар дагы арбын.