Жаңылыктар
А.Атамбаев: чек ара маселесинде Кыргызстандын кызыкчылыгы корголот
Кыргызстан жаңылыктары
А.Атамбаев: чек ара маселесинде Кыргызстандын кызыкчылыгы корголот

Чек ара маселеси коңшу өлкө менен сүйлөшүүлөрдүн негизинде жана дипломатиялык жол менен чечилиши керек. Мындай пикирин Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн 2005-жылдагы март ыңкылабынын 11 жылдыгына арналган иш-чарада билдирди. Өлкө башчы Өзбекстандын соңку кадамын түбөлүк достук мамилеси түзүлгөн мамлекеттин кыла турган иши эмес деп баалады. Айтымында, коңшу өлкө мурун газ бербей коюп, электр жарыгын өчүрүп же жолдорун жаап койчу.

 “Акыркы 5 жылдын ичинде андай рычагдын баары колунан кетип, айла жоктон ушундай туура эмес нерселерге барып жатат. Бирок элибиз сабырдуулукту сакташы керек”, - деди Атамбаев. Ал учурда кырдаалга Жамааттык коопсуздук келишим уюму да көз салып жатканын, окуяга калыс баа берилүүсү үчүн уюмга атайын сунуш берилгенин белгиледи. 

Мындан сырткары Президент Кыргызстандагы айрым саясатчылар чек арада түзүлгөн кырдаалдан улам абалды курчутуу аракетин жасап жатканын, учурда өзбек чек арачылары турган посттон өткөндө айрымдар чыр чыгарууга аракет кылганы тууралуу фактылар бар экенин билдирди. Атамбаев мындай жосундарды Кыргызстан үчүн чыккынчылык деп атап, Чаласарт тилкесинен тышкары талаштуу башка да жерлер бар экенин айтып, элди сабырдуулукка үндөдү.