Жаңылыктар
Борбор калаада мыйзамсыз илинген көрнөк-жарнак такталары алынууда
Кыргызстан жаңылыктары
Борбор калаада мыйзамсыз илинген көрнөк-жарнак такталары алынууда

Борбор калаада мыйзамсыз илинген көрнөк-жарнак такталары алынып жатканын калаа мэриясынан билдиришти. 

Бишкектин жер иштетүү жана курулуш башкармалыгы "Тазалык" муниципиалдык ишканасы менен биргеликте уруксат кагазы жок бир нече көрнөк-жарнактарды алып салууда. 

Тазалоо иштеринин жүрүшүндө Ибраимов көчөсүнүн Киев жана Чүй менен кесилишкен жеринде эки, Байтик баатыр көчөсү менен Жибек Жолу проспектисинин кесилишинде төрт көрнөк тактасы алынды. 

Шаарды ирээттөө жана көрктөндүрүү максатында мындай иштер дагы уланат.