Жаңылыктар
Мурдагы "Нарын" ресторанынын ордуна гүлзар орун алат
Кыргызстан жаңылыктары
Мурдагы "Нарын" ресторанынын ордуна  гүлзар орун алат

Мурдагы "Нарын" ресторанынын ордуна 20 кабаттуу мейманкана эмес, гүлзар орун алат. Бул туурасында Бишкек шаарынын мэри Албек Ибрамов Октябрь районунун тургундары менен жолугушканда билдирди. 

2016-жылы "Нарын" рестораны архитектуралык эстелик катары макамын жоготкон. Андан кийин Маданият, маалымат жана туризм министрлиги аны түрттүрүүгө уруксат берген. 

Планга ылайык, бул жерге бийиктиги 90 метрге жеткен "Хуалинь" деп аталган 20 кабаттуу мейманкана курулмак. Ал арада калаа башчысы инвестор көп каражат коротконуна карабай, анын орду гүлбак болот деп, курулуш иштерин баштоого уруксат берген эмес.