Жаңылыктар
Өлкө аймагы боюнча жалпы республикалык тестирлөө өтүп жатат
Билим
Өлкө аймагы боюнча жалпы республикалык тестирлөө өтүп жатат

Ар бир мектеп бүтүрүүчүсү өзү каалаган окуу жайдан билим алуу үчүн жалпы республикалык тестирлөөнү ийгиликтүү тапшырууну каалайт. Анткени көпчүлүк ЖОЖдорго дал ушул тесттин жыйынтыгы менен гана кабыл алынып, эгер жогору упай топтосо бюджеттик орунга өтүүгө да мүмкүнчүлүк түзүлөт. 

Абубакир Усупбаев учурда Бишкектеги №20 лицейде электромонтажёр-ширетүүчү адистиги боюнча билим алууда. Жогорку билимди эңсеген жигит окуу жайга тапшыруу максатында жалпы республикалык тестирлөөгө катышып жатат.

Билимди баалоо жана окутуу усулдары борбору билдиргендей, бул жылы жалпы республикалык тестирлөөгө 42 миң 491 абитуриент катталган. Тест өлкө аймагы боюнча бир эле мезгилде өтүп жатат. Уюштуруучулар республика боюнча кошумча тестирлөө борборлору ачылып, бүтүрүүчүлөргө тест тапшыруу үчүн бардык шарттар түзүлгөнүн билдиришти.