Жаңылыктар
Орозо кайрымдуулуктун, кечиримдүүлүктүн айы
Дин
Орозо кайрымдуулуктун, кечиримдүүлүктүн айы

Кайрымдуулуктун, кечиримдүүлүктүн айы болгон Орозо айынын 30 күнүндө дүйнө жүзүндөгү мусулмандар таң аткандан күн батканга чейин наар тартпай, Исламдын беш парзынын бири болгон орозо амалдарын аткарышат. Бул айда мусулмандар муфтият белгилеген өлчөмдө орозонун битир каражатын да берүүлөрү шарт.

Дүйнө жүзүн нурга бөлөгөн Ыйык Куран китебибиз да так ушул айда түшсө, миң айдан да куттуу болгон Кадыр түн кечеси да ушул айдын ичинде камтылган. Эн негизгиси - бул Орозо айында ыймандын тазалыгына умтулуп, элди биримдикке, ынтымактуулукка чакыруу менен кечиримдүүлүккө умтулуу башкы максат.